Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү 4 жаранды кармады

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү 4 жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрь күнү болжол менен саат 02:00 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Ата-Түрк эс алуу паркынан тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2002-жылы туулган А.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз жарандар арыз ээсин тапанча менен коркутуп, баасы 14 миң сом турган Redmi Note 9 үлгүсүндөгү телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-аракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе шектүү катары 2004-жылы туулган Г.У., 2004-жылы туулган Р.Б., 2004-жылы туулган А.Д. жана 2001-жылы туулган А.А. аттуу жарандарды Октябрь РИИБинин тергөө кызматына жеткиришкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Birimdik5555
2021-11-24 14:45:50
Ии жапжаш балдар экен, болбогон телефон учун эми жаман атты алып журосунор, Аллахым инсап берип жакшы жолго тушсонор экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан