Атактуу физик-теоретик Альберт Эйнштейндин анын салыштырмалуулук теориясын чагылдырган кол жазмасы Парижде 11 миллион 600 миң еврого сатылды. Бул тууралуу Christie's аукцион үйүнө шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 54 барактан турган документти улуу физик өзүнүн жакын досу, швейцариялык инженер Микеле Бессо менен бирге 1913-1914-жылдары Берлин жана Цюрих шаарларында жазган. Бул Эйнштейнди атактуу кылган салыштырмалуулук теориясынын өнүгүшүнө байланыштуу сакталып калган эки кол жазмасынын бири.
Кошумчалай кетсек, сатылган лот Францияда аукционго коюлган эң кымбат илимий кол жазма болуп калды. Эйнштейндин колу менен жазылган кол жазманы ким сатып алганы айтыла элек.