Советтик жоокердин согушка чейинки жана андан кийинки сүрөтү америкалыктарды таң калтырды

Америкалык белгилүү Reddit социалдык тармагынын колдонуучулары Улуу Ата Мекендик согушка катышкан советтик сүрөтчү Евгений Кобытевдин сүрөтүнө таң калышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Жоокердин Экинчи дүйнөлүк согушка чейинки жана андан кийинки сүрөттөрү интернетке жарыяланган. Сүрөттү "War changes you" (Согуш сени өзгөртөт) деп аташкан. Эки сүрөттүн ортосундагы убакыт айырмасы болгону төрт жыл. Бирок көпчүлүк сүрөттөгү эки башка адам экендигин айтышкан. Себеби биринчи сүрөттө жаш жигит болсо, экинчи сүрөттөгү адамдын чекесинде бырыштар бар экенин айтышкан.

Евгений Кобытев 1910-жылы Алтайда туулган. 1941-жылы ыктыярчы катары фронтко аттанып, туткунга түшүп калган. 1943-жылы ал жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Кобытев согуштан кийин Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Asmat84
2021-11-24 15:23:03
Ушул да жаңылыкпы
-6
Nuret94
2021-11-24 15:45:28
Asmat84,оа
+2
zilish_kg
2021-11-24 16:35:33
Согушту тымызын баштаган да өздөрү, кылгылыкты кылып койуп таң калганда өздөрү! Согуш, татаал жашоо адамдын жашоосуна материалдык, моралдык жана руханий жактан да чоң таасир тийгизет. Дүйнөгө тынчтык!!
+6
KaGaH
2021-11-24 20:31:33
Согуш энеңердин оюну эмес,2010 жылы Ошто көрдүм го эхх,азыркыга чейин денем дүр дей түшөт эстесем
+7
suban78
2021-11-24 21:26:17
KaGaH,Кудай сактасын, элибизде, жерибизде тынччылык эле болсунчу ар дайым.
+6
nazira...
2021-11-24 22:10:04
KaGaH,айтпа, тынчылык эле болсун да.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан