Кечээ, 23-ноябрда Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкери Алымкулова Гүлзатка (Гүлзат Мамытбек) барды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
Ал буга чейин өлкө башчыга жана мамлекеттик ар кайсы органдарга жазган каттары кабыл алынбай жатканына нааразы болгон. Ал нааразычылык иретинде 14-ноябрдан бери ачкачылык жарыялаган.
"Сүйлөшүү учурунда ТИЗОнун башчысы бардык тиешелүү каттар өз убагында жөнөтүлгөнүн айтып, чыгыш документтеринин көчүрмөлөрүн көргөздү.
Гүлзат Алымкулова акыйкатчынын өкүлү менен болгон сүйлөшүүдө бүгүнкү күндө өзүн жакшы сезип жатканын, дарыгерлер ага күн сайын В, С витаминдери менен глюкоза тамчылатып жатканын, мамлекеттик органдарга жазган каттар (арыздар) жөнөтүлүп жатканын жана бул боюнча ТИЗОнун администрациясына эч кандай даттануулар жок экенин билдирди", - деп жазылат билдирүүдө.
Кечээ, 23-ноябрдан тарта Гүлзат Мамытбек ачкачылык акциясын расмий токтоткон.
Гүлзат Мамытбек 25-октябрда алдамчылык фактысына шектелип кармалган. 27-октябрда Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, 1 айга камакка алуу чечими тандалган.