Жерди астероиддерден коргоо үчүн космостук кеме учурулат

Улуттук аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө башкармалыгы NASA "Space X" компаниясы менен биргеликте DART аттуу космостук кеме куруп, сыноодон өткөрмөй болушту. Бул тууралуу “Интерфакс” басылмасы CNBC телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

DART космостук аппараты астероиддердин кагылышуусунан кийинки траекториясын өзгөртүүгө арналган.

Учуруу америкалык ишкер Илон Масктын "Space X" компаниясы тарабынан 24-ноябрда Бишкек убактысы боюнча саат 12:21де (АКШ убактысы боюнча 23-ноябрь, саат 22:21) АКШнын Космос күчтөрүнүн Ванденберг шаарындагы (Калифорния) базасынан Falcon 9 ракетасында ишке ашырылат.

Учуруунун трансляциясы NASA'нын расмий YouTube каналына чыгат. Телеканал бул башкармалыктын Жерди коргоо боюнча биринчи космостук миссиясы жана "Space X" үчүн Жердин орбитасынан тышкары биринчи учуруу экенин билдирген.

Ракета ташуучу аппараттан бөлүнгөндөн кийин DART күн панелдерин жайгаштырып, кош астероид Дидимос - Диморфос менен жакындашууну баштайт.

Кеме 2022-жылдын күзүндө саатына 24 миң чакырым ылдамдыкта Диморфос менен кагылышы керек. Натыйжада Дидимосту айланган 160 метрлик Диморфостун орбитасы "пайыздын бир бөлүгүнө" бурулууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан