Бишкектеги №5 компьютердик гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу аяктады

Бишкектеги А.Молдокулов атындагы №5 компьютердик гимназияга кошумча окуу корпусунун курулушу аяктап, пайдаланууга даярдалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, учурда подряддык уюм тарабынан бардык курулуш-монтаждоо иштери аяктап, видео байкоо жана өрт коопсуздугу системаларын аракетке келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө. Эмерек жана ашкана жабдуулары орнотулууда жана окуу процесси үчүн керектүү шаймандар менен жабдылып жатат.

Долбоор боюнча жаңы мектепте окуучуларга бардык зарыл шарттары каралган, ашкана, спорттук залы, актовый залы, компьютердик жана эмгек класстары, ошондой эле химия, биология, физика предметтери боюнча лабораториялар менен окуу имараты каралган.

Белгилей кетсек, 375 окуучулук орунга эсептелген билим берүү объектисинин курулушу 2020-жылы башталган. Объекттин сметалык наркы 1 миллион 28 миң 600 АКШ долларын түзүп, Сауд ѳнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан