Бүгүн, 24-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда УКМКнын Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ачылыш аземге облустук атайын кызматтын жергиликтүү өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Ат-Башы райондук бөлүмүнүн жаңы курулган имараты кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган жана иштөө шарттары талапка жооп берет.
Мындан тышкары Нарын облусу боюнча имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, имараттын алдыңкы бөлүгү толугу менен жаңыланып, спорт залы да пайдаланууга берилди.
УКМКнын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери улантылууда.