Жайылда 6 баш торпок уурдоого шектелип 32 жаштагы жаран кармалды

Чүйдүн Жайыл районунда милиция кызматкерлери тарабынан мал уурулукка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-ноябрь күнү Жайыл РИИБине арыз менен Новониколаевка айылынын тургуну кайрылган. Себеби 2021-жылдын октябрь айынын башында белгисиз адамдар арыз ээсинин Жайыл районунун Ак-Башат айылында жайгашкан сарайдан арыз ээсине тиешелүү болгон 6 баш торпогун жашыруун уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкендигин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы фактыга шектелип 1988-жылы туулган Д.Э. аттуу жаран кармалган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан