Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги мунай жана газ кендерин сатыкка чыгаргандыгын билдирди.
Агенттиктин маалыматында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы эки кен сатылары айтылат. Алар "Чыгыш Майлы-Суу IV" жана "Севералаш".
"2022-жылдын 21-январында экөө тең аукционго коюлат.
"Чыгыш Майлы-Суу IV" ишканасынын баштапкы баасы 635 доллар, ал эми "Севералаш`тыкы" 1 миң 315 доллар деп белгиленди. Аукцион Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында Массы айылында өткөрүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.