Чүй облусунун Жайыл районунда турак үйлөрдүн бирине белгисиз адам кирип, 38 миң сом акча каражатын уурдап кетти. Шектүү катары 49 жаштагы жаран кармалганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашат.
Милиция кызматкерлерине 18-ноябрда Кара-Балта шаарынын 1997-жылы туулган тургуну кайрылган. Арыз ээси үйүнөн 38 000 сом акчасы уурдалганын билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Милиция кызматкерлери жогорудагы фактыга шектүүнү кармашты. Ал 1972-жылы туулган П.С. экени аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - дешет мекемеден.