Бишкекте 15 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашовага байланышканыбызда маалым болду.
Анын айтымына караганда, 15 жаштагы кыз Кыргыз жараны эмес, тагыраагы ал Өзбекстандын Наманган облусунда каттоодо турат.
"15 жаштагы кыз Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйүндө операция жолу менен көз жарды. Бизге 16-ноябрда келип түшкөн.
Учурда эне менен баланын абалы жакшы. Кыз Кыргыз жараны эмес, тактап айтканда Өзбекстандын Наманган облусунда каттоодо турат", - деп билдирди Асылбашова.
Мындан тышкары ал учурда укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.