Сабалган адвокат Икрамидин Айткулов тергөөчүлөр менен иштешүүдөн баш тартты

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы адвокат Икрамидин Айткуловдун сабалышы боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Муну аталган органдан билдиришти. 

13-ноябрда саат 22:00 чамасында Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз бирөөлөр адвокатты сабап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Айткуловдун мээси чайкалып, буту сынганы аныкталды.    

Тергөөдө төмөнкүлөр белгилүү болду: И.Айткулов 13-ноябрда үйүнөн дүкөнгө чыккан. Ошол учурда аны 4 адам себепсиз эле токмоктоп, “Айфон” үлгүсүндөгү телефонун алып окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Бүгүн Айткуловго көрсөтмө алуу үчүн Свердлов РИИБинин өкүлдөрү келишип, бирок адвокат алар менен иштешүүдөн баш тартты.  

Буга карабай милиция тергөө жүргүзүү үчүн бардык аракеттерди көрө турганын билдирет Бишкек ШИИББи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aidai2010
2013-11-14 12:48:15
Бир гана соткасын албастан 10 000 доллар акчасын кошо алып кетиптир, эмнеге аны башка ММКлар жазышпайт???
0
future_kg
2013-11-14 12:52:56
Уйунон магазинге 10 мин$ салып чыгабы экен магазинге))))
0
LuBiSh_DoKaJY
2013-11-14 13:00:19
10000$ды салып алып магазинге чыгыптырбы еее? Эми алар жала жапканды жакшы оздоштургон эмелерге ишенич жок, эми ким билет?
0
LEP888
2013-11-14 14:08:59
Бул жактоочунун тергоочулор менен иштегиси келбей койгонуна караганда озу билген бир нерсе бар го, эгерде ким сабаганын билгиси келсе тергоочулор менен иштешмек да. бул адам жалан крутойлорду жактачы эле, ошол клиенттеринен болуп чыкпасын. Ким билет эмнеге 10 000$ алып чыкканын, мен да окудум башка сайттан.

,
0
alima8984
2013-11-15 09:28:25
Мен дагы LFR888 жазганына кошулам бир карыш жерге 10 мин доллар салып жургон пенде органдагылар менен иштешмек беле.Алгандары арам акча да запкысын коруп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан