Бажы кызматы: "Дубайдан 71 даана iPhone телефонун аткезчилик жол менен алып кирип жаткан жаран кармалды" (фото)

Өлкөгө Бишкек-Дубай багыты боюнча авиакаттамдан келген жүргүнчүлөрдү бажылык тариздөөнүн процессинде 71 даана iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду, товарларды контрабандалык жол менен ташып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты.

"И.А. аттуу жаран “Жашыл коридор” бажы көзөмөл формасын тандап алуу менен (коштолуучу жүктү текшербестен) бажы органдын кызматкерине декларациялоо үчүн товарлардын жоктугун билдирген. Андан ары бажы көзөмөл зонасынан чыгып кетүүгө аракет кылганда “Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан кармалган", - деп жазылат билдирүүдө.

Товардын жалпы наркы 8 миллион 279 миң 448 сомду түзгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Материалдар УКМКнын тергөө органдарына караштуулугу боюнча өткөрүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KG-312
2021-11-24 17:17:22
Өзүңөр баары жокту кымбаттатып, элди ар жака тентитип ийдиңер. Эми ушинтип эптеп оокат кылып атса аны да көрө албайсыңар!!!
+3
Isken90
2021-11-24 17:53:31
KG-312,эркекче туура айтын чын айтсан ээчкимге жакпайсын сага менден +++++++++++++
+2
Fernando_Torres
2021-11-24 18:19:02
KG-312,адал эмгек ыйманы бар адам ушундай кылабы
+1
KaGaH
2021-11-24 20:24:42
Раимдин түзгөн схемасы менен кирген экен да жигит ))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан