"Кызыл-Кыя автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктуна 3 күнгө чектөө киргизилет

1-3-декабрга чейин "Кызыл-Кыя автожол" - "Өзбекстан автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктундагы кыймылга чектөө киргизилет. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөө “Кызыл-Кыя автожол” жана Өзбекстандын “Өзбекстан автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктарында жолдун үстүн жаңыртуу, асфальттоо иштери катарлаш жүргүзүлүп жатканына байланыштуу киргизилет.

"Буга байланыштуу белгиленген мөөнөттө Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасынан жүктөрдү жана транспорттук каражаттарды өткөрүү "Достук-автожол" өткөрүү пункту аркылуу ишке ашырылат.

4-декабрдан тарта "Кызыл-Кыя автожол" өткөрүү пункту штаттык режимде иштей баштайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан