УКМК: "Камчыбек Жолдошбаевдин пайдасына иштеген үй комитеттери жана квартал башчылары аныкталды"

Бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин үгүтчүлөрү тарабынан административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен маалымдашты.

"УКМК тарабынан шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүү учурунда Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин ишенимдүү өкүлү кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө мыйзамды бузуу менен Бишкек шаарынын Ленин районундагы №2 жана №4 муниципалдык аймактык башкаруусунун кварталдык жана үй комитеттеринин айрым өкүлдөрү, алардын жакын туугандары акчалай сый акыга мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүшкөнү, ошондой эле алардын айрымдары Жолдошбаевдин пайдасына шайлоочуларды сатып алуу процессине түздөн-түз катышканы аныкталды.

Учурда аныкталган административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча кварталдык жана үй комитеттерине карата тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн БШКга жана Бишкек шаарынын мэриясына материалдар жөнөтүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zam81
2021-11-24 20:38:34
Кармагыла баарын элдин башын айланткандарды
+8
Aimani
2021-11-24 22:53:45
Бул киши уже четтетилди деп жазбадынар беле
+2
Kamchy-bek
2021-11-24 23:50:17
Уялып кепкамды баса кийип коём, аябай уялбадымбы
+5
Ak_Bulut
2021-11-25 09:41:54
Уялып атса керек ))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан