УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгы социалдык тармактарга мониторинг жүргүздү. Анын алкагында борбор калаадагы айрым орто мектептерде террордук актыларды жасоо коркунучу бар делинген бир нече видеолорду жайгаштырган Тик-Ток колдонуучусу аныкталды.
Комитеттин маалымат кызматынан белгилешкендей, видеолордун автору орто мектептердин биринин 6-классынын окуучусу, 2009-жылы туулган Т.А.Ч. экени аныкталды.
Бул факты 246-берененин 1-бөлүгү (Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
"УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Жазык кодекси мындай “тамашаларды” кылмыш катары квалификациялайт. Комитет террордук акт жасоо коркунучу кылмыш болуп саналарын эскертет", - дешти маалымат кызматынан.