Улуттук банк 70 миллион доллар сатты. Мамлекеттик баалуу кагазга эртең аукцион өткөрүлөт

Улуттук банк 70,3 миллион доллар сатты. Мамлекеттик баалуу кагазга (казына векселине) эртең, 25-ноябрда аукцион өткөрүлөт.

Улуттук банк тарабынан ички жана тышкы фактарлордун себебинен долларга болгон суроо-талаптын өсүшү байкалып тургандыгына байланыштуу сомдун курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жумшартуу жана ички валюта рыногун туруктуулукка алып келүү максатында - валюталык интервенция өткөрүлдү. Жалпысынан Улуттук банк 70,3 миллион доллар сатты.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева интервенцияга байланыштуу мындай дейт:

"Улуттук банк ички валюта рыногундагы кырдаалды жана тышкы каржы рынокту ар дайым көзөмөлдөп, керектүү учурда АКШ долларына болгон сомдун курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жумшартуу жана ички валюта рыногун туруктуулукка алып келүү максатында, акча-насыя саясатына ылайык атайын иш-чараларын колдонуп келет, анын ичинде валюталык интервенциялары дагы бар".

Мамлекеттик баалуу кагаздардын түрүнө кирген казына векселдери, башкача айтканда кыска мөөнөттүү дисконттук баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча Улуттук банк аукцион өткөрөт. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

"Аукциондун максаты - бюджеттин кыска тартышыгын толуктоо болуп саналат. Улуттук банктын аукциондору аркылуу жайгаштырылуучу өкмөттүн мамлекеттик баалуу кагаздарына (МКВ, МКО) жана Улуттук банктын баалуу кагаздарына (Улуттук банктын ноталары), анын ичинде баалуу кагаздарга суроо-талапка, аларды жайгаштыруу жана жүгүртүү көлөмүнө, ошондой эле алар боюнча алынган кирешеге тиешелүү баардык маалыматтар ачык айкын".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан