Белгилүү болгондой, 23-ноябрда Ак-Буура милиция бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Ош шаарынын аймагында М. аттуу жаран Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо боюнча бир саясий партияга добуш бергени үчүн ар бир шайлоочуну сатып алуу максатында 2000 сомдон акча каражатын таратууга аракеттенип жаткандыгы кабарланган.
Бул билдирүүдө кылмыштын белгилери болгондуктан шайлоочуларды сатып алуу беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.
"Тергөөнүн жүрүшүндө Шарк айылынын тургуну А.Ш. окуя боюнча суралды. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө Ош шаарынын Амир-Темир кичи шаарчасынын Массив Калинин участкасында жашаган шайлоочуларды сатып алууга аракет жасап, алардын паспортторунун номер жана серияларын белгилөө менен тизме түзүп жүргөндүгүн белгиледи. Ошондой эле шайлоого бир күн калганда ар бир добушка 2000 сомдон накталай акча каражатын берерин, каражаттарды М. аттуу кишиден алып, өзү ар бир добуш үчүн 500 сомдон ала тургандыгын тастыктап берди.
Далил катары кармалган жарандан шайлоочулардын тизмеси, алардын паспортторунун номер жана сериялары камтылган бир даана дептер, саясий партиядан депутаттыкка талапкер адамдын сүрөтү тартылган 5Х10 өлчөмдөгү 14 даана үгүт баракчалары алынган.
Териштирүүнүн жүрүшүндө бул иштерди жүргүзүп жаткан жаран Ош шаардык “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын аймактык башчысы Ж.М. экендиги аныкталып, жогорудагы адам менен беттештирилди. Натыйжада Ж.М. мыйзамсыз аракеттерин тастыктап, моюнга алды.
Ош шаардык “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын жетекчисинин буйругунун негизинде шектүү ээлеген кызмат ордунан четтетилди. Ошол эле учурда тергөөнүн жыйынтыгы менен анын айыбы күбөлөрдүн берген көрсөтмөлөрү менен жана топтолгон материалдары менен толугу менен далилденип, тергөө иштери аяктап, бүгүн, 24-ноябрда соттук кароого жөнөтүлдү", - дешти маалымат кызматынан.