Улуттук олимпиада комитетинин президентин шайлоонун датасы бекитилди

Улуттук олимпиада комитетинин президентин шайлоо 23-декабрга белгиленди. Бул туурасында аталган комитеттин расмий баракчасына жарыяланды.

Андагы маалыматка караганда, мындай чечимди Улуттук олимпиада комитетинин президентинин милдетин убактылуу аткаруучу Аманкулов кабыл алды.

"Күрөш федерациясынын өкүлүнө байланыштуу талаштуу жагдайдан улам президентти шайлоо жылдырылды. Күрөш федерациясы Улуттук олимпиада комитетинин президентин шайлоону кийинкиге жылдырууну суранышты. Алар федерациянын президенти Шаршенбек Абдыкеримовдун кызматтан кеткенин себеп катары көрсөтүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Күрөш федерациясы Улуттук олимпиада комитетинен президентти шайлоону кийинкиге калтырууну суранган. Анда комитеттин президенти болуп турган Шаршенбек Абдыкеримов кызматтан кеткени, шайлоодо федерациянын өкүлдөрү болбой турганын белгиленген.

Шаршенбек Абдыкеримов Күрөш федерациясынын президенттигинен кечээ, 23-ноябрда өз каалоосу менен кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kolyaa
2021-11-24 21:43:49
Ушугада шайлообу?
Кыргыздар шайлоодон башы чыкпай калдыго.

Андан кийин кандай шайлоо болот ошонуда айтып койгула.

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан