Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусуна иш сапары менен барып, Лейлек районундагы социалдык объектилердин абалы менен таанышты. Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Эдил Байсалов Ак-Арык айылындагы орто мектептин абалы менен таанышып, имарат капиталдык ремонтко муктаж экенин белгиледи.
Ошондой эле ал Кулунду айылындагы "Кулунду-Нур" балдар бакчасы жана Таир Жолдошев атындагы орто мектептин абалы менен таанышып чыкты.
Лейлек районунун тургундары менен жолугушууда Баткен облусуна өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.
"Президентибиз Садыр Жапаров дагы "Баткен – менин жүрөгүмдө" деп айтты. Кыргыз Республикасы Баткен облусунан башталат. Айрыкча, чек арага жакын жайгашкан аймактарды өнүктүрүү министрлер кабинетинин негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Башталган иштер сөзсүз аягына чыгарылат", - деди Эдил Байсалов.
Ошондой эле ал Максат айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун абалы менен таанышып, COVID-19 илдетинин жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынын онлайн-форматта өткөрдү.