25-ноябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 25-ноябрь күнү күндүз Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда күн ачык болот.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарында +14...+19, Ысык-Көл, Нарын жергесинде +5...+10 градус болору айтылды.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында +17...+19 градуска жетет.