Бүгүн, 24-ноябрда КТРКда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун үчүнчү күндүк дебаттары өтүп жатат. Анда "Ата Мекен" партиясы "Күчтүү регион" партиясына суроо узатты: "Спецфизикалык өзгөчөлүгү бар регион - бул Баткен. Бул региондун өнүктүрүүнүн кандай жолдорун көрөсүз?"
"Күчтүү регион" партиясынын жообу: "Абдан жакшы суроо бердиңиз. Биринчи эле Баткендеги туугандар көтөрүп келген чек ара маселесин чечип, зымын тартып койсо деген маселелер көтөрүлүп жатат. Экинчиси, жаз айында болгон окуялардын негизинде аскерлердин санын көбөйтүү. Иш орундарын түзүү. Бизде бүгүнкү күндө мигранттар абдан көп. Чакан ишканаларды ачып, сырттан инвестиция тартып, "бир ишкана бир үй-бүлө" деген долбоордун негизинде иш алып барышыбыз керек. Жеринде тейлөө кызматын көрсөтүү. Сугат көйгөйүн чечүү. Региондорго, айылдарга шарт түзүү зарыл".