2020-жылы 81 миң 154 эркек бала төрөлдү, бул кыздарга караганда (76 миң 958) дээрлик 5,5 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, республикада жыл сайын 100 кызга 105-106 эркек бала төрөлөт.
"Анткен менен Кыргыз өлкөсүндө аялдар эркектерге караганда көп. 2020-жылы ар бир 100 аялга 99 эркек туура келген. Себеби аялдар эркектерге караганда 8 жыл узак жашайт. Аялдардын 90 пайызы, эркектердин 70 пайызы гана пенсия курагына чейин жашашы ыктымал", - деп йтылат билдирүүдө.