Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү күндөн күнгө азайууда

24-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 239 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө 24-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 239 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 168 метр куб, агып чыгышы 474 метр кубду түзүүдө деп айтылат.

Былтыр, 2020-жылдын 24-ноябрында Токтогул суу сактагычында суу 14 миллиард 57 миллион метр кубду түзгөн. Ал эми суунун агып кириши былтыркыга салыштырмалуу аз болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан