Бүгүн, 24-ноябрда КТРКда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун үчүнчү күндүк дебаты өттү. Анда талапкерлерге көрүүчүлөр тарабынан ар кыл тармактагы суроолор узатылды.
Көрүүчүдөн "Күчтүү регион" партиясына суроо: "Өлкөбүздүн башкаруу системасына президенттик ылайыктуубу же парламенттикпи? Айырмасын эмнеден көрөсүз?"
"Күчтүү регион" партиясынын жообу: "Былтыркы жыл саясий өзгөрүүлөргө бай жыл болду. Биз эки жолу референдум өткөрдүк. Президентти, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайладык. Бүгүнкү күндө коомдо айтылып жүргөндөй парламентаризмде дагы жашаган жокпуз. Президенттик башкарууга өткөнүбүзгө аз эле убакыт болду. Убакыт берүү керек".
Көрүүчүдөн "Ордо" партиясына суроо: "Азыр көп саясатчылар шайлоодон көп добуш топтой албашына көзү жетип, биригишти. Сиз эмнеге башка чоң партияга кошулган жоксуз?".
"Ордо" партиясынын жообу: "Мурдагы жылкы окуядан кийин "Ордо" бүгүнкү күндө туруктуу, өзүнүн принциби бар. Анткени биз өзүбүздүн күчүбүзгө ишендик. Мурдагы жылы ыплас шайлоо болду. Добуштарды бөлүштү, уурдады. Оштогу штатты жаап, ал жактагы кандидаттар чыкпай дагы калган. Баткендеги кандидатыбызга коркутуулар болгон. Мурунку жылы өзүбүздүн максаттарыбызга жеткен жокпуз. Өзүбүздүн идеологиябыз, принцибибиз бар. Ошондуктан эч кимге кошулбайбыз".
Көрүүчүдөн "Ата Мекен" партиясына суроо: "Кыргыздын канын жеке банктар насыялар менен соруп жатат. Насыялардын пайызын төмөндөтүүгө кандай иш-аракеттер болот?"
"Ата Мекен" партиясынын жообу: "Мен 2013-жылы сүткорлукту чектөө боюнча мыйзам долбоорун киргизгем. Ошол кезде микронасыя берүүчү уюмдардан бей-бечералар 600 пайызга чейин насыя алышчу экен. Быйыл ошол 31 пайызга түштү. Ушул мыйзамым биринчи жылы карапайым адамдарга пайыздын эсебинен экономикага 7-8 миллиард сом жылына эконом алып келген. Азыр микронасыялык уюмдардын портфели азайгандыктан, жылына 3-4 миллиард пайыздан үнөмдөөгө бей-бечераларга жеңилдик бердим.
Бирок мен камалгандан кийин бул мыйзамдын аткарылышын эч ким көзөмөлдөй алган жок. Азыр деле элдин Сомо жана башка жолдо чыгып адамдарды дагы 600 сомго "эзип" жатышыптыр. Эгер биз депутат болсок бул мыйзам долбоорун көзөмөлдөйбүз".
Көрүүчүдөн "Ыйман Нуру" партиясына суроо: "Кыргыз өлкөсүндө коррупционерлер менен педофилдерге өлүм жазасын киргизсе туура болмоктур. Сиздин көз карашыңыз кандай?
"Ыйман Нуру" партиясынын жообу: "Эми көрдүңүздөр камаганда, кустургандан коррупция азайбайт экен. Элибиз добуш сата турган болсо, коррупция азайбайт. Анткени булак булганып жатат. Ал дайраны, дайра барып көлдү чалчык кылып жатат. Элибиз таза шайлоого көнмөй сайын, ариет, намыс менен добуш бермей сайын бул маселе кете берет экен. Балким, өтө чоң зыян келтирген коррупция боло турган болсо өлүм жазасын деле киргизген туура болот го. Анткени азыр коррупционерлер эч нерседен коркпой калышты".