Финансы министрлигинин жана башка бир катар министрликтердин жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди

Финансы министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

- Финансы министрлиги жөнүндө жобо жана Финансы министрлигинин башкаруу схемасы;

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө жобо жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу схемасы;

- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө жобо жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкаруу схемасы.

Буга катар төмөнкүлөрдү бекитүү чечими кабыл алынды:

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти жөнүндө жобо;

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин башкаруу схемасы;

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти жөнүндө жобо;

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын уставы.

Мындан тышкары Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматы түзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан