Бишкек шаарында 11 ай ичинде 140 темир капкак коюлду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэриянын маалыматында айтылгандай, "Бишкек суу канал" ишканасынын балансында 31 миң 890 кудук бар. Анын ичинен канализацияныкы 23 миң 390, суу түтүктөрүнүкү 8 500.
"Акыркы жылдары кудуктардын капкактарын уурдоо фактылары көбөйдү. "Бишкек суу канал" ишканасы жаңыларын алууга үлгүрбөй, чыгымга учурап жатат.
"Бишкек суу канал" борбор калаанын тургундарын өзгөчө түндө этият болууга чакырат. Тротуарлардагы жана короолордогу ачык люктар адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуу. Ал эми жалпы пайдалануудагы жолдордо олуттуу жол кырсыгынын коркунучун жаратат", - деп жазылат маалыматта.
Шаардык мэрия ачык кудуктарды көргөндөрдү 1533, ал эми темир капкактарды уурдагандарды көргөндөр болсо 102 номерине кабарлап коюуну өтүнөт.