Бишкекте асманга ок чыгарган жаран борбордогу менчик ыкчам аракет көрүү тобунун (ГБР) кызматкери. Ал өз эрки менен МР-371 КВ үлгүсүндөгү тапанчасын тапшырып берген. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда курал-жаракка тийиштүү экспертиза дайындалды. Кызматкерге "калктуу конуштарда ок атуучу куралды колдонуу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши уланууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
23-ноябрда интернетке ыкчам аракет көрүү тобунун (ГБР) кызматкери асманга ок чыгарды деген видео тараган.