Бишкек шаарынын эски аянтында ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун саптык кароосу өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Гарнизондук саптык кароонун негизги максаты мамлекеттик масштабдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого өздүк курамдын кызмат өтөөсүнүн даярдыгын текшерүү болуп саналат.
Гарнизондук саптык кароого ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов катышты.
Өздүк курамга шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча нускамалар берилип, укуктары жана милдеттери тууралуу жеткирилди. Шайлоо күнү шайлоо тилкелерине 11 миңден ашуун милиция кызматкери кызмат өтөшөт. Аны менен бирге ар бир шайлоо участогуна милиция кызматкерлери бекитилет.