Бишкек шаарында мектептер штаттык негизде иштеп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
"Жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоого байланыштуу бүгүндөн баштап борбор калаадагы мектептер онлайн форматта окуп башташты деген маалыматтар тараган. Шайлоо алдында бардык мектептер салттуу түрдө окушат.
29-ноябрда гана шайлоо участоктору болгон мектептерде, бала бакчаларда санитардык тазалоо болот. Бул күнү окуу болбойт", - деп билдиришти мекемеден.