"Менин сүйүктүү кыргыз жигитим". "Кайрат" клубунун мурдагы машыктыруучусу Гүлжигит Алыкуловду куттуктады

Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунун мурдагы машыктыруучусу Алексей Шпилевский футболчу Гүлжигит Алыкуловду туулган күнү менен куттуктады.

"Менин сүйүктүү кыргыз жигитим. Мен бүгүнкү сенин күнүң менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бир гана ден соолук, чыдамкайлык жана сүйгөн нерсеңден кумарлан. Мен сени бекем кучактайм! Сенин Шпилевскийиң", - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына машыктыруучу.

Алексей Шпилевский беларустук машыктыруучу. Ал "Кайрат" клубун 2019-жылдан 2021-жылга чейин машыктырган. Шпилевскийдин жетекчилиги астында Гүлжигит Алыкулов негизги курамда оюндарга чыгып турган.

Эскерте кетсек, бүгүн, 25-ноябрда Гүлжигит Алыкулов 21 жашка толду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jigit.paren
2021-11-25 19:20:03
Ушу Шпилевский менен байланышып Европага кетиши керек бул Гулжигит
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан