Түндүк Корея бийлиги Netflix компаниясынын Түштүк кореялык "Кальмар оюну" сериалынын көчүрмөлөрүн аткезчилик жол менен алып кирип, тараткан адамды өлүм жазасына тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, контрабандист Кытайдан популярдуу сериалдар камтылган флешкаларды алып келип, жарандарга саткан. Укук коргоочулар ошондой эле контрабандисттин жети кардарын кармаган, алардын баары мектеп окуучулары.
Флешка сатып алган адам өмүр бою эркинен ажыратылса, калган өспүрүмдөр сериалды көргөнү үчүн 5 жылга оор жумушка кесилген. Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, кармалган окуучулардын класс жетекчиси менен мектеп директору иштен айдалган. Аларды алыскы аймактагы шахталарга түзөтүү жумуштарына жиберишет.
2021-жылы Түндүк Кореянын бийлиги "реакциячыл пикирге жана маданиятка каршы" мыйзам кабыл алган. Бул мыйзамга ылайык, өлкөнүн жашоочулары Түштүк Кореяда, АКШда тартылган тасмаларды көргөнү жана китептерин окуганы үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Түштүк Кореянын сленгине да тыюу салынган.
Белгилей кетсек, Түштүк кореялык "Кальмар оюну" сериалы Netflix платформасында жарыкка чыгып, алгачкы төрт аптада эле 111 миллион көрүүчүгө жеткен.