Орусиянын элчиси Мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзам боюнча пикирин билдирди

Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Николай Удовиченко мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоору боюнча комментарий берди. Ал өзүнүн пикирин социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" жаңы мыйзам долбоорунун айланасында буга чейин коомчулукта кызуу талкуулар жүрүп жатканына тыкыр көз салып турабыз.

Чынында эле мыйзам долбоорунун азыркы түрүндө кабыл алынышы Конституцияда расмий тил катары бекитилген орус тилинин чөйрөсүн кыскартууга, орус тилдүү жарандардын укуктарынын кыскарышына алып келет деген кооптонуулар бар.

Орус тилинин Кыргыз өлкөсүндөгү жалпы гуманитардык миссиясы тууралуу өлкөбүздө кадыр-барктуу болгон дүйнөлүк классик Чыңгыз Айтматовдун сөздөрүн эстесек ашыкча болбос.

Жетишкендиктерден ушунчалык оңой эле баш тартуунун кереги барбы?", - деп жазган элчи.

Буга чейин Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясын сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Adi010891
2021-11-25 11:55:16
Ошондо эмне дегин келип атат господин Николай Удовиченко
+3
Usmanbekali
2021-11-25 12:16:18
Тилиң менен улутсуң...
+9
alimbek94
2021-11-25 12:37:18
Орус тилин дискриминацияга алабыз деген блогерлердин, тил комиссиясында олтурган жыланач баатырлардын ишин бутундой эл, мамлекет кыйынчылык менен тартып жатат. Россия жооп кайтарат. Орус тилин басмырлабаш керек. Орус тилин тескерсинче уйротуш керек. Азыр кыргыз тилинде жетиштуу маалымат жок, озгочо медицина жана илим билим тармагында. Кун сайын жаныланып жаткан илим билим тармагын кыргыз тилине тушунуктуу которо алышпайт. Баатыр болобуз деп орус тилин басмырлаган эл оңунан чыккан эмес
-5
IOA
2021-11-25 21:47:23
Орустар озунун устомдугун жургузгону жатышат биз Оз олкобуздо эне тилибизди коргой албайбызбы?.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан