Ош шаарында кичи автобустарга жол акы 15 сомго көтөрүлдү

Ош шаарында кичи автобустарга болгон тариф көтөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим шаардык кеңештин кезексиз сессиясында кабыл алынды.

"Жыйынга шаар мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жана депутаттар катышты.

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев бүгүнкү күндө күйүүчү май, автоунаа тетиктеринин кымбаттаганына байланыштуу көпчүлүк айдоочулар линияга чыгуудан баш тартканын билдирди. Ага ылайык жол акысын жогорулатуу зарылчылыгы жаралган.

Шаардык кеңештин депутаттары кичи автобустардын техникалык абалын жакшыртуу, каттамын көбөйтүү, кечки убакытта да каттоосун камсыз кылуу сыяктуу маселелерди көтөрүштү.

Жыйынтыгында эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсү менен кичи автобустарга болгон төлөм күндүз 15 сомго, кечки саат 19:00дөн 21:00гө чейин 20 сомго көтөрүлдү. Ал эми окуучулар үчүн жол кире жогорулаган жок", - деп билдиришти мэриядан.

Жаңы тариф 1-декабрдан тарта иштеп баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
JaneEr
2021-11-25 12:35:17
Айлыктарчы,пенсия,пособия?
+1
Dembele84
2021-11-25 13:05:54
15 сомго которупсунор,эмм ошол айдоочуларды озу убактысы менен каттатып и кечке чейин иштей турган кылгыла.Аларга да тартипти кучотпосонор болбойт!
+3
dosym
2021-11-25 15:18:58
Көтөрүлүп эле атат көтөрүлүп эле атат, пулдан кабар жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан