Эсептөө палатасынын аудитору жана инспектору коррупция фактысына шектелип кармалды

Эсептөө палатасынын аудитору жана инспектору коррупция фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан акцияларынын 100 пайызы мамлекетке тиешелүү болгон «Эйр Кыргызстан» ААКсында өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген коррупциялык фактылар аныкталган.

"Эсептөө палатасынын айрым кызмат адамдары аталган авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең учунан сүйлөшүп алып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3 миллион 160 миң 903 доллар өлчөмүндө зыян келтирилгендигин атайлап жашырышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган күнөөнүн төгүндөлгүс далилдерин эске алып, Эсептөө палатасынын аудитору С.З. жана инспектору О.Ж.га "коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралган.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча ишке катышкан башка жактарга да юридикалык баа берилип, алардын белгиленген кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги тергөө учурунда далилденмекчи", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан