Шоумен Бакыт Букаевдин кошуналары 12-ноябрда түндө тамаданын батириндеги ызы-чууну байкашкан. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда кылмыш болгон көп кабаттуу үйдүн турак үй боюнча комитетинин башчысы Нагима Мамбеталиева SUPER.KG порталына маалымат берди. Букаев кошуналары менен сый мамиледе болгонун баса белгиледи. Нагима айым аталган окуяга ишене албай турганын айтып отурат.
“12-ноябрда түндө батиринде (ред. Букаевдин) ызы-чуу болуп жатканда жакын жашаган кошунасы батарейкасын тыкылдатканда токтоп калышкан экен. Кийинчерээк мага чалып "54-батирде ызы-чуу болуп жатат" дешти. Андай болушу мүмкүн эместигин айтып, балким, 55-батирде же ылдыйдагы кабаттан экендигин тактап сурадым. Алар Бакыт жашаган батирди айтышканда ага өзүм чалып көрдүм. Бирок ал жооп берген жок. Эртең менен келип телефон чалганымда да жооп бербегендиктен, үйүндө жок болсо керек деп ойлогом”,- деди Нагима Мамбеталиева.
Эске салсак, 13-ноябрда Бакыт Букаевдин жансыз денеси тамада жашаган батирден табылган. Бишкек ШИИББинин маалыматына ылайык, "шоумен, тамада Бакыт Букаевди жакын тааныштары өлтүрдү" деген версия каралып жатат.
Маалыматка ылайык, кылмышкер үйгө эшик аркылуу кирген. Учурда иликтөөчү топ Букаевдин жакын тааныштарынын арасында сурак жүргүзүүдө. Шектүү катары эч ким кармала элек. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.