Президенттин Баткендеги өкүлү Тажикстан, Өзбекстандан келген этникалык кыргыздар менен жолугушту

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Ак-Татыр айылында этникалык кыргыздар менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Жолугушууга мекеме ишканалардын жетекчилери, Бишкек шаарынан жарандык абалдын актыларын каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн адистери, ошондой эле кошуна Тажикстан жана Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыздар катышты.

"Этникалык кыргыздар менен болгон баарлашууда Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директору Элиза Эсеналиева жетектеген, калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу бөлүмүнүн адистери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, документтерди кабыл алуу менен чечилбеген маселелер боюнча этникалык кыргыздардын суроолоруна жооп беришти", - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.

Жалпысынан Баткен облусуна 562 этникалык кыргыз көчүп келип, Кыргыз жарандыгын алабыз деген үмүттө жашоодо. Анын 274ү Кыргыз жарандыгын алуу боюнча документ тапшырып, бүгүнкү күндө 91 киши жарандык алды.

Кошумчалай кетсек, Баткен райондук калкты тейлөө борборунда атайын этникалык кыргыздар үчүн маалымат, консультация жана жарандык кабыл алуу максатында өзүнчө пункт ачылган. Бул жерде жарандар үчүн документтерди топтоо боюнча атайын адистер көмөктөшүп, консультация беришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан