Кеминде жоголгон 30 жаштагы келин Боролдой айылындагы мечитке барып имамдан дуба окуп берүүнү суранган

Кемин районунда жоголгон 30 жаштагы келин Боролдой айылындагы мечитке барып, имамдан дуба окуп берүүнү суранган. Бул тууралуу Чүй облустук ичи иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 23-ноябрда саат 16:00 чамасында милицияга Боролдой айылында жашаган жерин билбеген келин бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 22-ноябрь күнү саат 16:30 чамасында Боролдой айылындагы мечитке бир келин келип, имамдан дуба окуп берүүнү суранганын аныкташкан. Ошол эле учурда ал кайда жашаарын билбей турганын жана эч нерсе эсинде жок экенин билдирген.

Милиция кызматкерлери тарабынан аталган келиндин аты-жөнү такталып, ал 1991-жылы туулган У.М. аттуу жаран экени аныкталган. Андан соң анын жакындары табылып, аларга өткөрүп берилген.

Ал психикалык жактан жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан