Бишкекте балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин жаңы имараты ачылды (фото)

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районундагы Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Комплекс грек-рим күрөшү боюнча балбан, Азия чемпиону, Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси Раатбек Санатбаевдин ысымын алып жүрөт. Ачылышка белгилүү спортчунун жубайы Сайра Санатбаева да катышкан.

Салтанаттуу ачылыштан кийин жаңы имарат менен таанышуу жана спортчулардын көрсөтмөлүү машыгуусу болду.

"Имарат, металл каркас жана сэндвич-панель толтуруу менен курулган чоң, жеңил конструкция. Аянты эки миң чарчы метрден ашкан имаратта үч спорт залы бар: оюн, күрөш жана машыгуу залы, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, кеңсе жайлар жана душ. Бардык жайлар зарыл болгон жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган. Аймак толугу менен жашылдандырылып, тротуарлар жасалган жана брусчатка төшөлгөн", - деп билдиришти мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан