Мамлекеттик салык кызматынын маалымат жыйынында экономиканы жакшыртуу, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, талдоо, мониторинг жүргүзүү аркылуу пландык көрсөткүчтөр ашыгы менен аткарылгандыгын Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов белгиледи.
Анын айтымында, контрабанда менен күрөшүү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эсепке алынбаган товарларды ташып киргизүүгө бөгөт боюнча масштабдуу иштер багытталып жатат. Бул боюнча Орусия Федерациясындагы кесиптештеринен алынган маалымат боюнча бүгүнкү күндө токой жүк ташуучулары аныкталды. Салык кызматынын алдында 2021-жылдын аягына чейин 103 миллиард 848 миллион 3 миң сом салык жана төлөмдөрдү чогултуу милдети турат.
Ал эми салыктык администрациялоо, заманбап тейлөө багытына өтүү туурасында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев.
“Бүткүл маалымат системаларын терең киргизип алып туруп, ошонун алкагында анализ жасоо, талдоо жүргүзүү, анан ар бир товардын эң негизги өндүрүүчүдөн же импорттоочудан баштап акыркы керектөөчүгө чейин жүргүзүлгөн товар жүгүртүүнү байкоого алуу системаларын киргизип жатабыз. Ошол эле убакта бүт ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүш үчүн фискалдаштыруунун алкагында электрондук патент, электрондук отчёт ушундай салыктык жол-жоболордун бардыгын фискалдаштыруу аркылуу биз бир жагынан жеңилдетебиз, экинчи жагынан байкоо жүрүгүзүү комплекстүү иштерди баштап жатабыз”.
Ал эми салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоору боюнча азырынча Жогорку Кеңеште кароодо тургандыгын жана январь айынан баштап жаңы кодекс күчүнө кирерин билдирди.
“Салык кодексинин жаңы редакциясы негизи азыркы экономикалык заманбап процесстерге адаптация болуш керек болчу. Ошонун үстүнөн иштеп чыктык. Чакан ишкерлерге принциптер киргизилип жатат. Ар бир жаран кызмат көрсөтө турган көзөмөл кассалык аппараттарды жана системаларды интеграциялоо, маалымат алмашуу аркылуу контрабанда жана көмүскө товар чыгаруучулар менен да күрөшөбүз”.
2022-жылдын ортосуна чейин Салык кызматына санариптештирүү киргизилет. Салык кызматы сапаттуу тейлөө көрсөтүү менен экономиканы көтөрүүгө жана аны стимулдаштырууга багытталат. Мындан тышкары Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилери масштабдуу жаңылануу иш-чараларды жүргүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын кызматташууга жана колдоо көрсөтүүгө чакырды.