Эртең, 26-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу "Кыргызгидромет" борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз -3…+2;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7;
Талас облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 0…-5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 1…6;
Бишкек шаарында түнкүсүн 1…3, күндүз 0…2 градус болот.