Кадамжайда өткөрүлгөн иш-чарада бир катар кылмыштардын бети ачылды

Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлгөн иш-чарада бир катар кылмыштардын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-23-24-ноябрь күндөрү райондо рейд өткөрүлгөн.

"Район аймагынан жалпысынан 15 жаран ок атуучу куралды сактоо, кайра каттоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 13 жаранга эскертүү берилсе, экөөнө, 2000 сом айып салынды. Ошондой эле түшүндүрүү иштеринин алкагында Майдан айыл аймагынын 52 жаштагы тургуну мыйзамсыз сактап жүргөн сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө 4 мал уурулук, 1 тоноочулук, 1 опузалап талап кылуу, 1 уурулук фактылары аныкталган. Ошондой эле адам уурдоо фактысы менен издөөдө жүргөн жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Мурда оор жана өтө оор кылмыштар менен соттолуп, азыркы учурда каттоодо турган 45 адам менен профилактикалык иштер өткөрүлүп, коомго коркунуч келтирбей турган жагдайда сүйлөшүүлөр жүрдү", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан