Дүйнөгө таанымал казакстандык ырчы Димаш Кудайбергенов орусиялык "Виктория" музыкалык сыйлыгынын "Жылдын ырчысы" наамына талапкер болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, сыйлык тапшыруу аземи 2-декабрда Москвада мамлекеттик Кремлде өтөт.
"Жылдын ырчысы" наамына белгилүү ырчылар Дима Билан, Леонид Агутин, Филипп Киркоров дагы ат салышууда. Димаш бул категорияда "Мен сени сагынам" аттуу ыры менен катышкан.
Белгилей кетсек, Димаш Кудайберген 2019-жылы "Виктория" сыйлыгында "Жылдын ачылышы", "Классикалык музыкадагы жылдын ырчысы" деген эки наамга ээ болгон.
Эске салсак, "Виктория" сыйлыгы Орусиядагы профессионал музыкант, композитор, акын, продюсер, музыкалык сынчылар калыстык кылган алгачкы жана жалгыз сыйлык.