Шаардык милиция шайлоочуларды сатып алуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек ШИИББине борбор калаанын аймагында “Н” аттуу жаран Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бирин колдоо үчүн шайлоочуларды сатып алууга активдүү катышып жатат деген маалымат келип түшкөн.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Жүргүзүлгѳн тергѳѳ аракеттеринин натыйжасында, Бишкек шаарынын тургундары А.А. жана М.Н. кармалышкан. Тактап айтканда, 30-октябрдан тартып А.А. аттуу жаран саясий партиянын жана депутаттыкка талапкердин кызыкчылыгын кѳздѳп, үгүт иштерин жүргүзүп жатып, М.Н. аттуу жаранга 10 миң сом акчаны 10 шайлоочуга берип талапкерге добушун берүүсүн суранган.
Тергөө кызматы берилген акчаны далил буюм катары алып, А.А. жана М.Н.га кылмыш жасагандыгы тууралуу билдирүүлөр берилген. Учурда тергөө иштери уланууда.