Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги "Шабыркүл" карьеринен казак көмүрүн импорттоочулар менен көмүр ташууну көбөйтүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Келишимге ылайык, "Шабыркүл" карьеринен жакынкы күндөрү 247 вагон көмүр келет.
"Импорттоочу компания Бишкек шаарына жана Чүй облусуна "Шабыркүл" көмүрүнүн көлөмүн көбөйтөт. Отун базаларында суткасына 24 саат, жумасына 7 күн тыныгуусуз иштөө графигин түзүүгө милдеттенет", - деп айтылат маалыматта.
Казакстан көмүрүнүн бир тоннасы 4600 сомго чейин.
- Шопоков шаары – Сокулук база, «Берекет» ЖАК;
- Кайынды шаары – 60 жаш көчөсү Октябрь 7.
- Бишкек шаары – Мурманская көчөсү 1а
- Токмок шаары – Жантаев көчөсү 23
- Кант шаары – Логвиненко көчөсү 13