Орусиянын Свердлов облусундагы Невянск жана Төмөнкү Тагил шаарларындагы №46 жана №5 түзөтүү мекемелеринде 38 Кыргыз жараны жаза мөөнөттөрүн өтөп жатышат. Бул туурасында Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
Элчиликтин маалыматына ылайык, Екатеринбург шаарындагы башкы консулдуктун кызматкерлери
жазасын өтөп жаткан мекендештерден кабар алышты.
"Жолугушууда Орусияда соттолгон жарандарга Кыргыз Республикасына экстрадициялоо, түзөтүү мекемелеринен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тартиптери түшүндүрүлдү. Соттолгон жарандардан түшкөн арыздар боюнча башкы консулдук тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, алардын мекенине кайтар алдындагы документтештирүү тууралуу да маалымат берилди.
Мындан тышкары айрым жарандардын кайрылуулары боюнча жеке жолугушуулар жүргүзүлүп, аларга укуктук жана башка кызыктырган маселелер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жазасын өтөп жаткан жарандар иштөөгө, эмгек акы алууга, доомат чыгымдарын жана өз муктаждыктарын жабууга мүмкүнчүлүк алышкан. Учурда жогоруда аталган түзөтүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын 38 жараны жазасын өтөп жатышат", - деп айтылат билдирүүдө.