Гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуевдин эстелиги орнотулду

Бүгүн, 25- ноябрда Кыргыз Республикасынын гимнин автору, Эл мугалими, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Шабданбек Кулуевдин эстелиги "Ала-Арча" көрүстөнүндө орнотулду.
Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, коомдук-маданий ишмерлер катышты.
Алгач Шабданбек Кулуевдин эстелиги ачылып, куран окулду. Андан соң эскерүүлөр айтылды.
Кыргыз элинин сыймыгы болгон Шабданбек Кулуев мамлекеттик символикаларды жаратууда коомчулук алдында чоң жоопкерчилик алуу менен гимндин авторлорунун бири катары тарыхта калды. Учурда бул гимн эгемендик алгандан тарта дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун сыймык менен жаңырып келет деп белгиледи.
Шабданбек Кулуев Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган. Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1992-жылы Жалил Садыков менен биргеликте Кыргыз өлкөсүнүн гимнинин сөзүн жазган. Акынга 1993-жылы "Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги" төш белгиси, 2011-жылы Эл мугалими ардактуу наамы ыйгарылган. Ал 2020-жылы 24-ноябрда 78 жаш курагында дүйнө салган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан