Нефтетрейдерлер каражаттын жетишсиздигинен күйүүчү майлардын жетиштүү көлөмүн сатып ала албай жатканын айтышты

Өлкөдөгү нефтетрейдерлер күйүүчү-майлоочу майдын керектүү көлөмүн сатып алуу үчүн финансы каражатынын жетишсиздигин билдиришти. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик жөнгө салуу агенттикте өткөн жыйында белгилүү болду.

"Күйүүчү май өндүрүүчүлөр баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу экспортту кыскартып жатканы белгилүү болду. Монополияга каршы мамлекеттик агенттик нефтетрейдерлерге күйүүчү майлардын баасынын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөөнү, бааны теңдештирүү механизмдерин колдонууну сунуштады. Мындан тышкары агенттик күйүүчү-майлоочу майлардын рыногун толтуруу жана мунай продуктыларынын тартыштыгынын пайда болушуна жол бербөө үчүн зарыл болгон запастарды камсыз кылууга тийиштигин белгиледи", - дешти монополияга каршы агенттиктен.

Айдоочулар бир айдан ашык убакыттан бери күйүүчү май сатып алуудагы кыйынчылыктарга нааразы болуп келишет. Өлкөдө айрым чакан май куюучу жайлар жабылып, суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу ири түйүндөр күйүүчү-майлоочу майларды май куюучу жайларга жеткирүүгө дайыма эле үлгүрбөй келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
CAPATAH
2021-11-25 19:39:56
Ушулардын акчасы жетпесе анан... куроко тура турган шылтоо айткыла да
+4
Kyrgyz_bloger
2021-11-25 19:50:31
Россия сыгып жатат го дейм,бул бийлик жакпай калды да Россияга экономикалык блокада кылып жатат
+4
shankol88
2021-11-25 21:53:19
Жолун тапааса кетишкерек иштейм билем дегендер толтура...Көзү жетип тургандар бар..эптейалбайби кетиш керек элди кыйнабай...
+4
Jaraisyn
2021-11-26 04:44:02
Акчаңар жетпесе бизге 70 сомдон саткычаңар алып келбей эле койгула бензинди. Биз 70, 75 сомдон алгычак, унаа айдабай эле отурган жакшы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан