Ош облусунун Жаңы-Алай айылында 225 орундуу С.Ашимов атындагы орто мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Аталган объекттин курулушу 2015-жылы башталган дешет президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн.
"Эки кабаттуу жаңы имаратта окуу корпусу, спорт зал, ашкана жана жыйындар залы бар. Курулуштун сметалык баасы 45 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланган. С.Ашимов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов катышып, мектеп жамаатын жана окуучуларды куттуктады", - деп айтылат билдирүүдө.