Өлкөдө күйүүчү майдын баасы декабрь айынан тарта дагы жогорулайт. Мындай маалыматты Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан белгилүү болду.
Билдирүүдө мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү менен ири нефтетрейдерлердин жолугушуусу орун алып, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы, запасы, көйгөйлүү жагдайлар жана түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдору талкууланганы айтылат.
"Мамлекеттик мекеме тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында ушул убакка чейин ири нефтетрейдерлердин арасында АИ-92 үлгүсүндөгү бензинге болгон баанын өсүшүн ооздуктоого мүмкүн болгон.
Бирок үстүбүздөгү жылдын декабрь айынан тарта жогоруда көрсөтүлгөн объективдүү себептерден улам нефтетрейдерлер жаңы келишимдерди жана болгон резервдерди эске алуу менен баанын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө менен АИ-92 бензинине болгон бааны акырындык менен жөнгө сала башташат.
Ал эми дизель майына болгон баа эмитен көтөрүлө баштады", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда Экономика жана соода министрлиги тарабынан демилгеленген күйүүчү-майлоочу майлардын (АИ-80, АИ-92, дизель майы) бааларын мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү боюнча чечимдин долбоору коомдук талкууда. Эгерде министрлер кабинети мындай чечим кабыл алса, мамлекеттик агенттик мыйзамдарга ылайык, күйүүчү-майлоочу майлардын баасын жөнгө салуу боюнча зарыл чараларды көрөрүн кошумчалашты басма сөз кызматы.
Ушул эле жолугушууда нефтетрейдерлер күйүүчү-майлоочу майдын керектүү көлөмүн сатып алуу үчүн финансы каражаты жетишсиз болуп жатканын билдиришкен.